7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жаш манасчылардын арасында сынак өттү

22

Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Сынак президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Сынакка өлкөнүн бардык облустарынан тандалып келген мыкты жаш манасчылар катышып, улуу «Манас» эпосун айтуудагы чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Кароо-сынак эки багытта — кыргыз жана чет тилдеринде өткөрүлдү.

«Манас» айтуу (кыргыз тилинде):

Баш байге — Бекмырза Шарипов;
1-орун — Жасмина Турусбекова;
2-орун — Ыйман Досалиев, Азиза Исабаева;
3-орун — Азамат Токтомамбетов, Оомат Абдурасулов.

«Манас» айтуу (чет тилинде):

Баш байге — Айбийке Алтынбекова;
1-орун — Мохигүл Хайдарова;
2-орун — Таттыбүбү Бакытбекова, Эркайым Эркинбекова;
3-орун — Айгерим Жолдошбекова, Аделина Насипова.

Сынак жаш манасчылардын өнөрүн баалоо менен бирге, улуттук маданий мурастын баалуулугун арттырууга жана аны муундан-муунга өткөрүүгө өбөлгө түздү.

23