7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Чакан ГЭС» Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого киришти

19

“Чакан ГЭС” ААК Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууда.  Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, долбоордун баасы 13,8 млн евро: 8,8 млн евро кредит, 5 млн евро грант. Каржылоо Финансы министрлиги жана ЕРӨБ менен макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт. Башкы подрядчы болуп China National Heavy Machinery Corporation тандалган. Учурда инженердик изилдөө жана долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Ал эми 2026-жылдын январь айында жогоруда аталган компаниянын өкүлдөрү жана «Чакан ГЭС» ААКтын адистери объектилердин аянтчаларына биргелешкен иш сапарын жүргүзүшкөн.

Мындан тышкары, компания Ылдыйкы Тар ГЭСин куруу жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоону камтыган KRED долбоорун да ишке ашырууда. Техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып, изилдөө иштери уланууда. Бул долбоорго Дүйнөлүк банк 43,2 млн доллар жеңилдетилген каражат бөлгөн.

20