Күн мурун, 28-апрелде Москва шаарынын түндүк бөлүгүндөгү жаңы курулуштардын биринде өрт чыккан. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери жергиликтүү тиешелүү органдар менен байланышып, жабыркагандардын же каза болгондордун арасында кыргыз жарандарынын бар-жогун тактоо иштерин башташты.
Учурда элчилик кызматкерлери ыкчам маалымат алмашуу максатында укук коргоо органдарына барышты.
Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө. Кошумча маалыматтар такталган сайын билдирилет.



