7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндүн Кара-Такыр айылында 150 орундуу мектеп курулду

17

Өзгөн районунун Кара-Такыр айылындагы 150 орундуу Т. Жоробеков атындагы мектептин курулушу аяктады. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 109,5 млн сомду түздү. Курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айында башталган.

Башкы планга ылайык, жаңы мектептин жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имараттан турат. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттери жана спорт залы каралган.

Учурда эмеректерди жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

18