7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурас ушул жерден башталат. Күч жана рух биримдиги

226

«Мурас ушул жерден башталат» аттуу тематикалык сериянын алгачкы фото-тизер жарыяланды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор жети бөлүктөн турат жана алдыдагы оюндардын негизги баалуулуктарын, философиясын этап-этабы менен ачып берүүгө багытталган.

Сериянын биринчи бөлүгү «Күч биримдиги, рух биримдиги» концепциясынын алдында сунушталып, көчмөн маданиятынын өзөгүн түзгөн ынтымак, салттардын уландысы жана ички бекемдик идеяларын чагылдырат.

Жарыяланган визуалдык тизер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — 2026 маалыматтык кампаниясынын жалпы багытын аныктап, тарыхый мурас менен заманбап улуттук өзгөчөлүктү айкалыштырат.

Катчылыктан белгилешкендей, кийинки бөлүктөрдө ар бир тема өзүнчө мазмундук багытта кеңири ачылат.

Бул тизердин жарыяланышы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалыматтык коштоосунун активдүү фазасы башталганын билдирип, оюндарды эл аралык маданий-спорттук аянтча катары таанытууга багытталган.

227