7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө экологиялык коопсуздук күчөтүлүп, браконьерлик кескин азайды

5

Ысык-Көл аймагында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралар өз натыйжасын берүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылы Садыр Жапаровдун демилгеси менен туристтик-экологиялык милиция кызматы түзүлүп, көлдү коргоо багытында системалуу иштер башталган. Президенттин Жарлыктарынын негизинде балык уулоого мораторий киргизилип, мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөш күчөтүлгөн.

2025-жылдын жайкы туристтик мезгилине карата Министрлер Кабинети тарабынан Бирдиктүү коопсуздук кызматы түзүлүп, курамына ички иштер органдары, өзгөчө кырдаалдар, жол-транспорт коопсуздугу, экологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тармактарынын аймактык түзүмдөрү кирген.

Бирдиктүү кызматтар заманбап техникалар — автоунаалар, кайыктар, дрондор жана видеокөзөмөл каражаттары менен камсыздалып, эко-мунаралар жана кырдаал борбору ишке киргизилген. Натыйжада көлдөн эски синтетикалык торлор, таштандылар тазаланып, мыйзамсыз балык уулоо кескин түрдө азайган. Жыйынтыгында көлдүн экологиялык абалы жакшырып, биологиялык ресурстар калыбына келүүдө.

Ысык-Көл — улуттук байлык жана аны коргоо жалпы коомдун милдети.

 

6