Манас шаарында маданият өкүлдөрүнүн демилгеси менен “Ак Санат” аттуу жаңы музыкалык ансамбль түзүлүп, чыгармачылык ишмердүүлүгүн расмий баштады.
Ансамблдин аталышы “ак” – тазалык жана ыйыктыкты, ал эми “санат” – өнөрдү билдирип, улуттук маданиятты нукура жана таза формада даңазалоо идеясын камтыйт.
“Ак Санат” ансамблинин негизги багыты – улуттук-фольклордук жана заманбап эстрадалык музыканы айкалыштыруу. Репертуарында кыргыз күүлөрү, элдик ырлар, лирикалык жана атуулдук чыгармалар, ошондой эле дүйнөлүк музыкалар бар.
Ансамбль курамында улуттук аспаптар – комуз, кыл кыяк, чоор, добулбас, ооз комуз менен катар синтезатор жана бас гитара сыяктуу заманбап инструменттер да колдонулат.
Жамааттын негизги максаты – кыргыз маданиятын сактоо, өнүктүрүү жана аны жаш муунга жеткирүү, ошондой эле эл аралык деңгээлде жайылтуу.
Ансамблдин көркөм жетекчиси жана дирижёру – тажрыйбалуу музыкант Абдурасул Сабирбаев. Ал сыбызгы, флейта жана чоордун бир нече түрүндө чебер ойнойт.
Топтун курамында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Дүйшөн Молдобаев, ошондой эле белгилүү музыканттар жана жаш таланттар эмгектенүүдө. Солисттер катары Айжамал Абдулкеримова, Лунарбек Миңбаев жана Айбийке Кудайбердиева чыгышат.
“Ак Санат” ансамбли алдыда концерттерге, маданий иш-чараларга жана фестивалдарга активдүү катышууну, өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө кыргыз өнөрүн таанытууну максат кылат.



