“Африка континенти эмне үчүн Кыргызстан менен иштешүүгө кызыкдар?”, — бул суроого өлкө башчы Садыр Жапаров, журналист Айжигит Матраимовго берген интервьюсунда жооп берген.
Президенттин айтымында,Кыргызстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө умтулууда.
“Кыргызстандын тышкы саясаты бүгүнкү күндө жаңы деңгээлге чыгып, дүйнөнүн бардык аймактары менен активдүү кызматташууга багыт алууда. Айрыкча Африка континенти менен байланыштарды кеңейтүү заман талабына жооп берген стратегиялык кадам болуп калды.
Акыркы жылдары Африка өлкөлөрү жогорку темп менен өнүгүп, дүйнөлүк экономикада маанилүү ролду ойной баштады. Ушуга байланыштуу Кыргызстан бул аймак менен соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык байланыштарды активдүү күчөтүүгө өттү.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен мамиле түзүүгө аракет кылып, жаңы өнөктөштөрдү табуу менен өзүнүн эл аралык абройун бекемдеп жатат.
Африка континенти бул жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы рыноктор жана келечектүү өнүгүүнүн дагы бир жолу. Мындай аракеттер өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыз кылып, инвестиция тартып, Кыргызстанды дүйнөлүк аренада активдүү оюнчуга айлантары шексиз!”, — дейт Жапаров.



