Бүгүн, 4-май өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу «Кыргыз гидрометеорология» кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19…+24, Талас менен Ысык-Көлдө +16…+21, Нарын регионунда +14…+19 градус болот.
Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометр Бишкекте +20…+23, Ош калаасында +21…+23 градусту көрсөтөт.