7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги өзгөчө кырдаал: Министр абалды жеринен көрдү

300

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев сел жүргөн Баткен районуна барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты.

Министр Ак-Татыр айыл аймагындагы сел өткөрүүчү сайдын абалын, ошондой эле табигый кырсыктан жабыркаган аймактарды көрүп чыкты. Өзгөчө көңүл сел кирген турак үйлөргө бурулду.

Министр жергиликтүү тургундар менен жолугуп, сел жээгин бекемдөө жана сел агымдарын коопсуз өткөрүү маселелери боюнча жарандардын сунуш-пикирлерин угуп, жыйынтыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди.

Акыркы маалыматтарга ылайык, турак үйлөрдү жана короо-жайларды сел калдыктарынан тазалоо иштери дээрлик аяктады. Учурда атайын комиссия келтирилген чыгымдарды тактоо иштерин жүргүзүүдө.

301