7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Арча суу сактагычында эс алуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

273

Жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын ИИББнын Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын туристтик ротасынын кызматкерлери Ала-Арча суу сактагычында эс алуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Милиция кызматкерлери жарандарды коомдук тартиптин эрежелерин так сактоого, айланадагыларга урмат-сый менен мамиле кылууга жана эс алуу учурунда укук бузууларга жол бербөөгө чакырышат. Өзгөчө көңүл балдардын коопсуздугуна бурулуп, ата-энелерге жашы жете электерди кароосуз калтырбоо катуу эскертилет.

Мындан тышкары, тазалыкты сактоого, тиричилик таштандыларын өздөрүнөн кийин жыйнап кетүүгө жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырат. Ошондой эле коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ашыкча колдонууга жол берилбестиги эскертилди.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

274