7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев селге байланыштуу жыйын өткөрдү

281

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы сел жүрушүнө байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министринин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн учурдагы кырдаал жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө баяндамалары угулду.

Жер-жерлерде сел агызып келген ылайларды тазалоо, унаа жолдорун жана жабыркаган инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча иштер кызуу жүрүп жатканы белгиленди.

Кесепеттерди жоюуга ӨКМ, ИИМ, Коргоо министрлигинин бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары жана атайын техникалар тартылган. Жыйынтыгында тиешелүү органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

282