7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атай Бейшенбек уулу: Биз нефтини сырттан сатып алсак, анда дүйнөлүк баадан бөлүнүп жашай албайбыз…

1

“Биз нефть өндүрбөсөк, сырттан сатып алсак, анда дүйнөлүк баадан бөлүнүп жашай албайбыз”, — дейт Атай Бейшенбек уулу өзүнүн фейсбук баракчасында.

Анын айтымында, Орусия бизге нефтини пошлинасыз сатат. Ошондуктан Кыргызстандагы баа көп учурда Орусиядагы баага жакын болуп, азырынча таңкыстык жок.

“Кыргызстан күнүмдүк жашоодо эң маанилүү болгон эки нерсеге көз каранды. Айрым айыл чарба продукциялары жана ГСМ. Акыркы жылдары 9 негизги азык-түлүктүн 7син өзүбүз камсыздаган деңгээлге жеттик, калган багыттар боюнча да иштер жүрүп жатат. Ал эми ГСМ боюнча реалдуу мүмкүнчүлүк жок, биз толугу менен импортко көз карандыбыз. Бүгүн дүйнөдө нефть стратегиялык ресурс болуп калды. Анын айланасында чоң саясат, атаандаштык жүрүп жатат. Чынында эле нефть азыр нан менен суудан кийинки негизги муктаждыкка айланды. Бензин, солярка, газ болбосо транспорт токтойт, айыл чарба токтойт, баалар өсөт. Биз ГСМди негизинен Оруссиядан алабыз. Керек болсо Оруссиянын айрым региондорунда баа бизден жогору.

Коңшу өлкөлөрдө да абал оңой эмес. Өзбекстан бааларды рыноктук механизмге өткөрүп жатат, автогаз кээде тартыштык болуп турганын ЖМКдан окуп калабыз. Түркмөнстан нефть өлкөсү болгонуна карабай, баа дээрлик биздикиндей. Казакстан болсо узак убакыт бааны мамлекеттик көзөмөл менен кармап келген, бирок 2025-жылы госрегулирование алып салынып, 2026-жылдан кийин баалар этап-этабы менен өсө баштады. Анткени мамлекеттик казынасы млрддаган каражатсыз калып, бара-бара нефть иштеткен заводдору иштен чыкмак.

Демек, ГСМ баасы Кыргызстанда эле өсүп жаткан жок, дүйнөлүк рыноктун таасири. Биз нефть өндүрбөсөк, сырттан сатып алсак, анда дүйнөлүк баадан бөлүнүп жашай албайбыз”, — деп жазат ал.

2