Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралар 6-майдан тарта башталат.
Бишкек мэриясы иш-чаралардын тизмесин берди.
Алар:
6-май саат 11:00дө К. Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда «Кызыл гвоздика — муундардын эсинде» аттуу сынак-фестивалдын гала-концерти болот;
6-май саат 10:30да Ч. Түлөбердиев атындагы паркта «Эскерүү оту» аттуу акция өткөрүлөт;
7-май саат 10:00дө «1941–1945» жана «Түбөлүк эскеребиз» эстеликтерине гүлчамбар коюлат;
7-май саат 10:00дө Төмөнкү Ала-Арчадагы монументтин жанында митинг-реквием өтөт;
8-май саат 11:00дө «1941–1945» эстелигине гүлчамбар коюлат;
8-май саат 10:00дө Д. Асанов атындагы аскер лицейинде митинг-реквием болот;
9-май саат 09:30да Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган негизги иш-чара өтөт;
9-май саат 11:00дө Ч. Түлөбердиев атындагы паркта жоокер боткосу берилет;
10-май саат 14:00дө «Диалог» шаардык маданият үйүндө «Эстейбиз» аттуу Жеңиш күнүнө арналган майрамдык кече өтөт.



