7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Бешим шаарчасынан VII–VIII кылымдарга таандык будда храмынын калдыктары табылды

10
Чүй облусундагы орто кылымдагы Ак-Бешим (Суяб) шаарчасынын аймагында Кыргыз-япон археологиялык экспедициясы VII–VIII кылымдарга таандык, болжол менен будда динине тиешелүү храм комплексинин калдыктарын аныктады.
Археологиялык изилдөөлөр 2026-жылдын май айынын башынан тартып Шахристан-2 тилкесинде жүргүзүлүүдө. Казуу иштеринин жүрүшүндө окумуштуулар күйгөн кыштан тургузулган тепкичтерди, пандусту жана платформаны табышкан. Бул архитектуралык элементтер Тан доорундагы храм курулуштарына мүнөздүү экендиги белгиленүүдө. Табылга белгилүү археолог Алексей Бернштамдын 1940-жылдардын аягында ушул аймакта будда храм комплекси болгон деген божомолун тастыктады.
2025–2026-жылдардагы казуу иштери Улуу Жибек жолунун маанилүү борборлорунун бири болгон байыркы Суяб шаарындагы будда маданиятынын жайылышы тууралуу жаңы илимий маалыматтарды берди. Суяб VI–XI кылымдарда Батыш Түрк каганатынын борбору болгон. Экспедиция 2012-жылдан бери иш алып барып келет. Кыргыз тараптан Улуттук илимдер академиясынын профессору Бакыт Аманбаева, япон тараптан Тэйкё университетинин профессору Казуя Ямаучи жетекчилик кылууда.
Учурда жер тилкесин тарыхый-маданий багыттагы жер категориясына кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Маселе оң чечилсе, келечекте ачык асман алдындагы музей түзүү пландалууда. Белгилей кетсек, 2014-жылы Ак-Бешим (Суяб) шаарчасы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине «Жибек жолу: Чанъань – Теңир-Тоо коридорунун маршруттар тармагы» аттуу трансулуттук номинациянын алкагында киргизилген.

11