7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Баткендеги “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын долбоору менен таанышты

4

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде орнотулган Достук стеласы менен, ошондой эле “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын концепциясы менен таанышты.

Эске салсак, 2025-жылдын 31-мартында үч мамлекеттин президенттери онлайн форматта боордош элдердин достугун, чек ара маселелеринин жөнгө салынышын жана аймактык кызматташтыктын жаңы этабын символдоштурган стеланын ачылыш аземине катышкан. Иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысына үч өлкөнүн чек ара аймагында курула турган “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын башкы планы тааныштырылды.

Көрсөтүлгөн концепцияга ылайык, жалпы аянты 100 гектар болгон комплекс административдик, туристтик, логистикалык, өндүрүштүк, коммерциялык жана парк зоналарын камтый алат. Долбоор соода-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Белгиленгендей, долбоор ишке ашкан учурда 5 миңден ашуун жумуш орундары түзүлүп, чек арадагы соода жүгүртүүнүн көлөмү көбөйөт. Мындан тышкары, концепцияда туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, эл аралык маданий иш-чараларды, этнофестивалдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү каралган. Бул маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөөгө жана Улуу Жибек жолунун тарыхый мурасын жайылтууга өбөлгө түзөт.

Мамлекет башчысы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы коңшулаштык мамилелерди мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, биргелешкен инфраструктуралык жана экономикалык демилгелердин аймактын туруктуулугу жана өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин айтты.

Президент ошондой эле “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркы долбоорун ишке ашыруу үч өлкөнүн тиешелүү макулдашуусу жана тыгыз өз ара кызматташуусу менен гана мүмкүн экенин баса белгиледи. Садыр Жапаров тараптардын өз ара колдоосу менен бул долбоор соода жана инвестициялар үчүн ири аянтчага айланып, Борбор Азия элдеринин тынчтыгынын, ишениминин жана биримдигинин символу болооруна ишеним билдирди.

5