Бейшембиде өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө+26…+31, Таласта+24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27…+32, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын регионунда +19…+24 градус ысык болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28…+30, Ош калаасында +30…+32 градуска жетет.