7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда баңгизатка каршы ири операция жүргүзүлүп, жүздөгөн шектүүлөр кармалды

310

Түркиянын 30 провинциясында баңгизат саткандарга каршы рейддер өткөрүлдү. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды. Операцияга болжол менен 4,5 миң коопсуздук кызматкери катышты.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, рейддердин жүрүшүндө 392 шектүү кармалган. Алардын ичинен 122си соттун чечими менен камакка алынып, калгандары боюнча тергөө иштери уланууда.

Укук коргоо органдары 518 килограмм баңгизат жана 133 066 таблетка конфискациялашкан. Тергөөчүлөр тыюу салынган заттар социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу сатылып жатканын аныкташкан.

Буга чейин Стамбул шаарында шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында баңгизат колдонууга каршы ири атайын операция жүргүзүлгөнү маалымдалган. Кийинчерээк түрк укук коргоо органдары баңгизат кылмыштарына, мыйзамсыз букмекерликке жана онлайн кумар оюндарына каршы жүздөгөн операцияларды өткөрүшкөн.

311