7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиядагы кенелерден адам үчүн кооптуу болгон төрт экзотикалык вирус табылды

294

Орусиянын түндүк-батышындагы кенелерден адам үчүн кооптуу болушу мүмкүн болгон төрт экзотикалык вирус табылды. Бул тууралуу Известия басылмасы жазды.  Окумуштуулар жалпысынан 30га жакын вирустун генетикалык изин аныкташкан. Алардын арасында Мукава, Нуомин, Гакугса жана Бэйцзин наировирусу бар.

Адистердин айтымында, кенелер ар түрдүү инфекциялардын табигый сактагычы болуп эсептелет. Алардын айрымдары келечекте пандемия жаратуу коркунучуна да ээ болушу мүмкүн.

Адистердин айтымында, бул вирустар дене табын көтөрүп, оор татаалдашууларга алып келет. Ошондой эле изилдөө учурунда мурда белгисиз болгон төрт жаңы вирус да аныкталган.

Бул жаңы жана кооптуу инфекциялардын пайда болушуна шарт түзүшү ыктымал.

295