7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошко Москвадан «Өчпөс оттун» бөлүкчөсү алып келинди

35

Ош шаарына эл аралык «Эскерүү оту» эстафетасынын алкагында Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнөн алынган «Түбөлүк оттун» бөлүгү алып келинди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны Элдик фронттун өкүлдөрү, белгилүү дарыгер жана телеалып баруучу Андрей Продеус, ошондой эле медиа-куратор Татьяна Светличная алып келишти.

Салтанаттуу тосуп алуудан кийин Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына арналган мемориалдык комплексте «Түбөлүк отту» жандыруу аземи өттү.

Иш-чарага мэрия, Россиянын Башкы консулдугунун өкүлдөрү, ардагерлер, аскер кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Андан соң Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата куттуктоолор айтылып, баатырларды эскерүү жана жаш муунду тарбиялоонун мааниси белгиленди.

36