7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция Чүйдө сел жүрүү жана суунун деңгээлинин көтөрүлүшү боюнча эскертүү берди

299

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы аймактагы аба ырайынын начарлашы боюнча эскертүү таратты.

Маалыматка ылайык, 7–12-май күндөрү тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо жаан-чачын күчөп, аба ырайы туруксуз болушу күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу сел жүрүү коркунучу жаралышы мүмкүн, ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү айтылууда.

Милиция жарандарды жана эс алуучуларды коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Мүмкүн болсо тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарга сапарга чыкпоону, дарыялардын, капчыгайлардын жээгинде эс албоону сунуштайт. Жаан учурунда тоо жолдорунда жүрүүдөн да оолак болуу керектиги белгиленди.

Ошондой эле эс алуу учурунда этият болуп, агын суулардын жанында көпкө токтоп турбоо эскертилет.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда жарандар 102 кыска номерине кайрылса болот.

300