7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 9 миңден ашуун мыйзамсыз курулуш бузулду

9

Бишкек шаарында 2025-жылдын биринчи кварталында 2,5 миңге жакын мыйзамсыз курулуш буздурулду. Ал эми жыл башынан бери демонтаждалган объектилердин саны 9 миңден ашканы айтылды. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев түз эфирде билдирди.

Аламүдүн кичи районундагы 24 күркөнүн ээлери бийликтин убадалары аткарылбай жатканын айтып нааразы болушту. Алар башка мыйзамсыз объектилерге чара көрүлбөй жатканын белгилешти.

Мэр мыйзамды бузган бардык жарандар жооп берерин айтып, шаар боюнча мыйзамсыз курулуштар аныкталган жерлерде иштер улана турганын билдирди.

Учурда Бишкек жана Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен жана мыйзамсыз салынган объектилерди бузуу иштери жүрүп жатат. Бул айрым тургундардын нааразылыгын жаратууда.

Мындай жолугушуулар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өлкө аймактарында уюштурулууда.

10