7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын бекитти

223

2026-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын бекитти.

Бул документ борбор калаанын 2050-жылга чейинки аймактык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын, функционалдык зоналаштырууну, республикалык жана жергиликтүү маанидеги объекттерди жайгаштырууну, ошондой эле шаарда коопсуз жана ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн камсыз кылуу чараларын аныктайт.

Башкы план 2050-жылга чейин аймактык пландаштыруунун негизги документи болуп саналат жана социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгууда, инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда, ошондой эле курулуш жүргүзүү жана жер тилкелерин пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алууда милдеттүү түрдө эске алынат.

Ошондой эле токтом менен 2006-жылы бекитилген Бишкек шаарынын 2025-жылга чейинки мурдагы Башкы планы күчүн жоготту.

224