Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бүгүн, күндүн экинчи жарымында “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын эли менен жолукту. Аталган башкармалыктын тургундары коммуналдык, инфраструктуралык багыттагы суроолорду беришти.
Ошондой эле Жийделик, Ош көчөсүндөгү кызыл сызыкка чыккан үйлөрдүн тагдыры боюнча да суроолор актуалдуу болду. Мэр Жанарбек Акаев жумуш шаардын башкы планына ылайык жумуш, жүргүзүлөөрүн, жакынкы күндөрү тургундар менен жеринен көрүп чыгаарын убадалады.
Мындан сырткары “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы мыйзамсыз курулуштарды алынуусу боюнча да суроолор узатылып, тургундар “Бахнур” чайханасын бузууну суранышты. Мэр Жанарбек Акаев азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, шаардын каналдын корук аймагына чыккан жайлардын баары бузулуп жатканын айтты.



