7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Барпы театры Бишкекке барат

650

Бишкек шаарында өтүүчү жумалыкка Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры драматургдун «Күттүргөн жаз да келер» спектакли менен катышат. Спектакль 14-май, саат 19:00дө, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында болмокчу. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, кыргыз адабиятынын жана театр өнөрүнүн улуу өкүлү, КР Баатыры, эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына карата 2026-жылдын 11-16-май күндөрү өтмөкчү.

Катышуучулар жана аткаруучулар:
Асылбек — Руслан Исмаилов
Зейнеп — Шахрезада Шактыбекова
Тилек — Өзгөрүш Алиев
Эрамамат — Бектурсун Аширматов
Шермамат — Эрден Көчөров
Апсамат — Адыл Абдивахитов, КР эмгек сиңирген артисти
Немис солдаттар — Нурбек Сайпидинов, Акылбек Мамажанов

Коючу топ:
Режиссёр-коючу: Бакыт Жумалиев, КР эл артисти
Сүрөтчү-коючу: Чынара Чотурова
Жарык берүүчү: Нурбек Мамадалиев
Музыка бөлүмү: Талант Нурумбетов
Реквизит бөлүмү: Венера Боробаева
Костюмер: Ирсалат Токтоманжиева
Тигүүчү: Рахат Алдозова
Гримдөөчү: Дамира Каримова
Сахна бөлүм башчысы: Мирбек Камбаралиев
Сахна машинисти: Канат Дубанаев

651