Бишкек шаарында муниципалдык жерлерде жана жол тилкелеринде жер казуу иштерин жүргүзгөн уюмдар үчүн Санариптик технологиялар борбору тарабынан жаңы санариптик кызмат ишке киргизилди. Бул тууралуу мэрия билдирет.
Маалым болгондой, 2026-жылдын 12-майында Санариптик технологиялар борборунун кызматкерлери Транспорт департаментинде жыйын өткөрүшүп, жер иштерине уруксаттарды эми кеңсеге барбай эле, Бишкек шаарынын мэриясынан алуу мүмкүнчүлүгүн түзүшкөн.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен онлайн режиминде алууга болот.
Арыздарды e-meria.kg системасы аркылуу тапшырып, тиешелүү уруксат берүүчү документтерди алууга болот.
Жаңы чечим курулуш, телекоммуникация, инженердик жана коммуналдык уюмдар үчүн процесстерди жөнөкөйлөтүүгө, убакытты үнөмдөөгө жана кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.



