Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге Ататүрк паркынын аймагын кыдырып чыкты. Иш-чаранын жүрүшүндө паркты көрктөндүрүү жана коомдук мейкиндикти мындан ары өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тааныштырылды.
Азамат Кадыровдун айтымында, парктын концепциясы аттракциондорсуз ыңгайлуу сейилдөөчү жолду камтыйт. Бул аймак тынч эс алууга жана спортко багытталат.
Долбоордун алкагында йога менен машыгуу үчүн атайын аянтча, шахмат зонасы, узундугу болжол менен 3 чакырымды түзгөн веложолдор жана воркаут аянтчалары курулат.
Мындан тышкары, паркка 5 гектар жер кайтарылып берилип, ал жерде да көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тилкеде ооган согушунун ардагерлерине арналган музей жана сейилдөө аймагы курулаары пландалууда.
Ошондой эле бак-дарактарды сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Мэрдин орун басары белгилегендей, дарактардын абалы боюнча талдоо жүргүзүлгөн. Жалпы 14 миң жашыл көчөттүн ичинен 192 куураган дарак аныкталган. Муниципалитет дарактарды мүмкүн болушунча сактап калуу жана аймакты жашылдандыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө.
«Бермет» кафеси бекитилген дизайн-кодго ылайык ээлери тарабынан реконструкцияланат.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында парктын айланасына, жарык берүүчү мамыларга жана кесилиштерге видеокөзөмөл камераларын орнотуу пландалууда.



