7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барды

266

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, иш сапары менен Казакстанга барды. Мамлекет башчысынын учагы Түркстан шаарындагы Хазрет Султан атындагы эл аралык аэропортко конду.

Садыр Жапаровду Казакстандын Мамлекеттик катчысы Ерлан Карин жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторунда ТМУга мүчө-мамлекеттердин туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Белгилей кетсек, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышат. Саммиттин ишине ТМУга мүчө-мамлекеттердин: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле ТМУга байкоочу мамлекеттердин башчылары жана уюмдун Башкы катчысы катышмакчы.

“Жасалма акыл жана санариптик өнүгүү” темасына арналган иш-чаранын алкагында Мамлекет башчысы Кыргызстандын санариптик трансформацияны мыйзамдык жөнгө салуу, мамлекеттик санариптик платформаларды жана жарандарды электрондук тейлөө кызматтарын киргизүү, ошондой эле санариптик билим берүүнү өнүктүрүү тажрыйбасын тааныштырат.

Өзгөчө көңүл ТМУ алкагындагы биргелешкен долбоорго бурулат, анын ичинде санариптик транспорттук коридорду түзүү, эл аралык жүк ташуулар үчүн электрондук документтерди киргизүү, ошондой эле санариптик экономика жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү бар. Бул саммит түрк мамлекеттеринин ортосундагы жасалма интеллект жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташууну бекемдөөнүн маанилүү этабы болуп калат.

 

267