Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы “Сатып алуулар борбору” мамлекеттик мекемелер үчүн компьютер сатып алууга 16 млн 250 миң сомдук тендер жарыялады. Тендердик сунуштар 19-майга чейин кабыл алынат.
Долбоорго ылайык, компьютерлер 20 мамлекеттик мекемеге жеткирилет. Алардын арасында Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жазаларды аткаруу кызматы, ооруканалар, мэриялар жана айыл өкмөттөрү бар. Эң көп каражат Республикалык психиатрия жана наркология борбору үчүн каралган — 4.2 млн сом. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2.96 млн сомго компьютер сатып алынат. Жеңүүчү компания компьютерлерди келишим түзүлгөндөн кийин 30 күндүн ичинде жеткириши керек.
Тендерге катышкан компанияларда ушул сыяктуу товарларды жеткирүү тажрыйбасы, техникалык тейлөө кызматы жана бардык керектүү документтери болушу зарыл.
Компьютерлерге 1 жылдан 3 жылга чейин кепилдик берилиши керек.



