7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түнкүсүн тынчтык бербеген коңшуга акт түзсө болот

10
Эми кошуналар, эл түндө тынчын алгандарды видеого тарта алышат. Президент Садыр Жапаров бул жааттагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ага ылайык, жашоочулар, кварталдык комитеттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тынчтык бербегендер боюнча акт түзүп, аны сүрөт жана видеого тартып тиешелүү органдарга берсе болот. Бул материалдар кийин мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартууда далил катары колдонулат.
Анда турак үйлөрдө, эс алуу аймактарында, коомдук жайларда иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин элдин тынчын алган добуштарды чыгарбоо керектиги айтылган. Тагыраагы, музыка жана башка ызы-чуунун дабышы атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек.
Мындан тышкары, Жаңы жыл түнү жана расмий белгиленген мамлекеттик майрамдарда түнкү саат 03:00гө чейин ырдап-чоордоого уруксат берилет. Өзгөртүүлөрдө курулуш иштери да ызы-чуунун булагы катары так көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда аталган мыйзам 2024-жылдын соңунда кабыл алынды. Ага ылайык, түнкүсүн элдин тынчын алып, ызы-чуу кылгандарга милиция чара көрүүгө укуктуу болот. Ошондой эле той-топурлар саат 22:00дө бүтүшү керек.
11