7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров “Түрк цивилизациясынын борборун” курууга мезгил кутусун салуу аземине катышты

195

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн бейформал саммитинин алкагында “Түрк цивилизациясынын борборун” пайдубалынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Азем Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда видеоконференция режиминде өттү.

“Түрк цивилизациясынын борбору” долбоору түрк элдеринин тарыхый-маданий мурастарын сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга багытталган. Борбор түрк дүйнөсүнүн руханий борборлорунун бири болуп эсептелген Түркстан шаарында курулат.

Долбоордо санариптик жана интерактивдүү технологияларды колдонуу менен заманбап маданий-билим берүү аянтын түзүү каралганы белгиленди. Андан ары ТМУ өлкөлөрүнүн лидерлерине жасалма интеллект экономикасын жана Уюмга мүчө-мамлекеттердин санариптик өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү стратегиясы сунушталды.

Казакстан тарап презентациянын жүрүшүндө санариптик инфраструктура, жасалма интеллект, спутник байланышы жана эсептөө кубаттуулуктарын өнүктүрүү тармактарында ишке ашырылып жаткан демилгелер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасына санариптик чечимдерди киргизүү ыкмалары да көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, ТМУга мүчө-мамлекеттердин инновациялар, технологиялык алмашуу жана санариптик трансформация жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

196