7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ Оштогу акча алмаштыруу жайындагы милиция кызматкерлеринин аракеттерин текшерүүдө

276

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан 2026-жылдын 24-майында Ош шаарында орун алган, анын кесепетинен жаран каза болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда Ички иликтөө кызматы тарабынан окуянын бардык жагдайларын, анын ичинде окуя болгон жерде болгон милиция кызматкерлеринин аракеттерин, алардын өз убагында чара көрүлүшүн, көрүлгөн чаралардын толуктугун ар тараптуу жана объективдүү текшерүү жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызматтык тартипти бузуу, шалаакылык же кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткарбоо боюнча мүмкүн болгон бир дагы факты тиешелүү укуктук баасыз калбай турганын баса белгилейт. Эгер мыйзам бузуулар аныкталса, күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу жоопкерчиликке тартылат.

277