Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды.
Тактап айтканда, 2024-жылы Ноокен райондук транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун айрым кызматкерлерине карата тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан учурда «А» жана «Г» аттуу жарандар өздөрүн таасирдүү адам катары тааныштырып, Б.У. аттуу жарандын тергөө иштерин оң жагына чечип берүүнү убада кылышып, 20 миң АКШ долларын алышкан.
Ушул сыяктуу Кызы-Кыя шаарында жүргүзүлүп жаткан тергөө иштерин оң жагына чечүүнү убада кылып, «А» аттуу жаран Б.У. дан 20 миң АКШ долларын жана 100 миң сом акча каражатын алган.
Кийин кармалган Б.У.нун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрүп берүү үчүн анын жакындарынан 18 900 АКШ долларын жана 100 миң сом акча каражатын алган.
Натыйжада жабырлануучу тарапка жалпы 2 784 000 сом материалдык зыян келтиргени аныкталган.
Бул боюнча Б.У. ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде ИИМдин кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын тургуну 1993-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.
Ал өзүн Ош шаардык адвокаттар коомунун адвокатынын жардамчысы катары тааныштырып жүргөнү жана ишканалардын биринде юрист болуп иштегендиги такталган.
Учурда тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу тергөө иш-амалдары жүргүзүүдө.



