Кумтөр кенинде заманбап Sandvik DD322i өзү жүрүүчү бургулоо орнотмосу боюнча операторлор жана өндүрүштүк окутуу инструкторлору даярдалууда.
Бул заманбап санариптик техника КМШ аймагынын бир дагы тоо-кен ишканаларында жок жана биринчи жолу Кумтөрдө колдонулуп, жер астындагы бургулоо иштеринин тактыгын жана коопсуздугун жаңы деңгээлге чыгарат.
Орнотмо электрондук бургулоо паспорттору жана навигациялык система аркылуу көзөнөктөрдү так багытта бургулоону камсыздайт. Ошондой эле тоо массивиндеги алсыз тилкелерди аныктап, жардыруу иштерин коопсуз жүргүзүүгө жардам берет. Бардык бургулоо маалыматтары автоматтык түрдө катталат.
Бул технологияны өздөштүрүү — санариптик чечимдерге, коопсуздукка жана өндүрүштүн натыйжалуулугуна багытталган Кумтөрдүн жер астынан алтын казуу долбоорунун маанилүү бөлүгү. Окутуу 2-июнга чейин уланат.
Маалымат үчүн: жер астынан алтын казуу долбоору 2025-жылдын августунда башталып, 17 жылга эсептелген. Учурда мамлекеттик баланста 147 тонна алтындын геологиялык запасы коюлган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



