7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орто-Токой ГЭСинде 950 метрлик туннель казылып бүттү

5

Орто-Токой ГЭСинин курулушу бекитилген графикке ылайык активдүү уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, учурда ГЭСтин курулуш аянтчасында негизги этаптар аяктап калды. Алсак, долбоор боюнча узундугу 950 метрди түзгөн туннель толугу менен казылып бүтүп, ички металл каптамаларын орнотуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле суу кабыл алуучу шахтанын үстүндөгү имараттын курулушу аяктады.

Ошондой эле, ГЭС имаратында №2 гидроагрегаттын роторун борборлоштуруу жана трансформаторлорду орнотуу иштери аткарылды. Ошону менен катар, иштелип чыккан электр энергиясын өлкөнүн энергосистемасына чыгарууну камсыз кылуучу 110 кВ аба электр чубалгыларынын тирөөчтөрүн монтаждоо кызуу жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Орто-Токой ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу 21 МВтты түзөт. Иш-чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү алкагында аткарылууда.

6