7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады

4

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Ыймандуулукту жана кайрымдуулукту символдоштурган бул ыйык майрам бүткүл мусулман үммөтүн бириктирет. Жалпы руханий баалуулуктарга берилгендик мындан ары да элдерибиздин ортосундагы достукту жана тилектештикти бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

5