Кыргызстанда 2030-жылга чейин 2 миллиондон ашык бак-дарак отургузуу өлкөнүн шаарларын жана калктуу конуштарын жашылдандыруу боюнча 2026–2030-жылдарга карата улуттук программанын долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, программа 2,25 миллиондон кем эмес бак отургузууну, 1 130 гектардан ашык жаңы жашыл аянттарды түзүүнү, ири шаарлардын айланасында 1 100 гектар коргоочу алкактарды калыптандырууну, ошондой эле 121 жаңы сейил бак жана сквер курууну караштырат. Иштин эң чоң көлөмү Ош облусунда (400 миң бак), Чүй облусунда (380 миң), Жалал-Абад облусунда (350 миң) жана Бишкекте (250 миң) пландалган. Тармакты санариптештирүүнүн алкагында «Жашыл Аймак» бирдиктүү ГИС-платформасын түзүү жана кеминде 400 миң бакты паспорттоштуруу пландалууда.
Ошондой эле тамчылатып жана автоматташтырылган сугарууну киргизүү, курулуш жүргүзүүдө жашылдандыруу талаптарын катаалдаштыруу жана питомниктердин тармагын өнүктүрүү каралган.
Программа Президенттик администрациянын тапшырмаларын аткаруу максатында «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында иштелип чыккан.



