Орунтаев “Манас” соода-логистикалык шаарынын курулушун текшерди
20
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Достук айылында курулуп жаткан “Манас” соода-логистикалык шаарынын долбоору жана курулуш аянты менен таанышып, тиешелүү таршырмаларды берди.
Улуттук инвестициялык долбоордун курулушу 2026-жылдын 1-майында башталган.
Долбоорго ылайык, көп комплекстүү аймак каралып, ал бир нече этаптан турат. Алсак, биринчи этапта 11 кабаттуу 4 турак-жай имараты жана 2 кабаттуу бир нече турак жайлар, мейманкана, соода-бизнес борборлору каралган. Ал эми кийинки этаптарда логистикалык кампалар жана башка инфраструктуралык объектилерди куруу пландалган. Объектинин курулушу “Хунан Курулуш Инвестициялык” тобу тарабынан ишке ашырылууда, буйрутмачы — “Кыргыз-кытай инвестициялык холдинг” ЖЧКсы.
Текшерүүнүн жыйынтыгында компаниянын эсеп счетунда 6 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат бар экендиги аныкталды.
Курулуш министрлиги тарабынан турак жайларды курулуштун алгачкы этабында сатыкка чыгарбоо жана жарнамага бербөө талабы коюлуп, объекттер кеминде 3–4 кабатка көтөрүлгөндөн кийин гана сатыкка чыгаруу боюнча эскертүү берилди.
Урматтуу жарандар! Курулуш министрлиги турак жай сатып алууда курулуш объектисинин даярдык деңгээлине өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Турак жайлардын негизги курулуш этаптары аяктап, объект кеминде 3–4 кабатка көтөрүлгөндөн кийин гана сатып алуу зарылдыгын эскертет. Бардык суроолор боюнча Курулуш министрлигине төмөнкү дарек жана байланыш телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот: Манас проспектиси 28; телефон: 0312 31 33 11.