7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө Азия чемпионаты өтөт

15

5–14-июнь күндөрү Ысык-Көлдө армрестлинг боюнча 24-Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча 23-Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдештерде сол жана оң кол боюнча күч сынашуулар уюштурулуп, жалпы 291 категорияда жеңүүчүлөр аныкталат. Жеңүүчүлөргө 873 медаль, 888 диплом жана 15 кубок тапшырылат.

Чемпионатка Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышып, чоңдор, жаштар, юниорлор, өспүрүмдөр, ардагерлер жана майыптыгы бар спортчулар байгелүү орундар үчүн ат салышат.

Мелдеш Азия армрестлинг федерациясы менен Кыргызстандын армрестлинг федерациясы тарабынан уюштурулууда.

16