7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан- Палестина беттешинен түшкөн каражаттын бир бөлүгү кайрымдуулукка багытталат

205

6 жана 9-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргызстан менен Палестина курама командаларынын футболдук беттештери өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Футбол биримдиги билдирди.

Маалым болгондой, оюндар саат 20:30да башталып, көрүүчүлөр үчүн атайын шоу-программа уюштурулат.

Кыргыз футбол биримдиги тилектештиктин жана колдоонун белгиси катары кайрымдуулук акциясын өткөрүп, беттештен түшкөн каражаттын бир бөлүгүн палестин элине жардам көрсөтүүгө багыттай турганын билдирди.

Кыргыз футбол биримдиги бардык күйөрмандарды жана өлкө жарандарын улуттук курама команданы өз үй стадионунда колдоого жана масштабдуу кайрымдуулук акциясынын бир бөлүгү болууга чакырат.
206