7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумтөрдө биринчи жолу аюу байкалды

271

Кумтөр кен жайында ак тырмактуу Тянь-Шань күрөң аюусу биринчи жолу катталды. Бул сейрек кездешүүчү жаныбар КРнын Кызыл китебине киргизилген.

Адистердин айтымында, мындай жырткычтын пайда болушу Кумтөрдүн концессиялык аймагында жапайы жаныбарлардын жашоосу үчүн жагымдуу шарттар бар экенин көрсөтөт.

Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун маалыматына ылайык, ак тырмактуу Тянь-Шань аюусунун саны 17 башты түзөт. Ушундан улам бул жаныбардын Кумтөр аймагында катталышы адистер үчүн өзгөчө кызыгууну жаратат. Ак тырмактуу Тянь-Шань аюусу мамлекет тарабынан коргоого алынган сейрек кездешүүчү жаныбарлардын катарына кирет. Ага аңчылык кылууга тыюу салынган.

Белгилей кетсек, буга чейин Кумтөр аймагында узак убакыттан кийин ак куулар кайрадан байкалган. Мындан тышкары, жакында эле кен жайга жакын жайгашкан Сөөк ашуусунда Кыргызстанда биринчи жолу кара моюн турна катталган. Ал дүйнөдөгү эң сейрек кездешүүчү турна түрлөрүнүн бири болуп саналат.

Сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен канаттуулардын катталышы Борбордук Тянь-Шань бийик тоолуу аймактарында алардын жашоосу үчүн жагымдуу шарттар бар экенин тастыктайт.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

272