Баткен облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу жана сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү Тажикстандан гашиш ташып келип, Кыргызстанда сатууну максат кылган. Ал 3 кг гашиш сатып жаткан жеринен колго түшкөн.
Үйүн текшерүү учурунда короого көмүлгөн 31,3 кг баңгизат табылган. Ошол эле учурда дагы бир шектүүнүн жанынан 14 кг гашиш жана 1 кг апийим алынганы айтылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



