Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандагы Кесиптик бокс лигасынын Ардактуу президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандагы Кесиптик бокс лигасынын Ардактуу президенти болуп дайындалды.
Алмамбет Шыкмаматовго Ардактуу президенттин медалын Кыргызстандагы Кесиптик бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов тапшырды.
Бул статус мамлекетти курууга кошкон олуттуу салымы, укуктук системаны өнүктүрүүгө, мамлекеттик бийлик институттарын чыңдоого кошкон эмгеги, активдүү коомдук-саясий ишмердүүлүгү, ошондой эле спортту, жаштарды өнүктүрүүгө жана өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого багытталган демилгелерди колдоосу үчүн ыйгарылды.
Бул чечим 2026-жылдын 12-майында болуп өткөн Кыргызстандагы Кесиптик бокс лигасынын коллегиясынын жыйынында кабыл алынды.



