7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан БУУнунн Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө ат салышууда

2

Бүгүн, 3-июнь БУУда тарыхый добуш берүү жүрүүдө. Бул тууралуу Атай Бейшенбек өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, Кыргызстандын атаандашы — Филиппиндер.

“Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу үчүн ат салышууда. Алар мындай шайлоолорго биринчи жолу катышып жаткан жок, дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар, артында таасирдүү өнөктөштөрү, чоң геосаясий колдоосу турат.

Чынын айтканда, бир нече жыл мурун Кыргызстан мындай деңгээлдеги процесстерге катыша алат десең, көптөр ишенмек эмес.

Бизди көбүнчө жардам сураган, ички көйгөйлөрү менен алек өлкө катары көрүшчү. Бүгүн болсо Кыргызстан дүйнөлүк аренада өз сөзүн айтууга талапкер болуп турат.

Мындай эл аралык абройлуу структурага умтулуу оңой эмес, анткени шайлоо артында геосаясий оюндар, державалардын таасир талашы дагы орун алган. Бирок ар кандай тоскоолдуктарга карабастан Кыргызстан өз талапкерлигин коюп, жүздөгөн жолугушууларды өткөрүп, ондогон өлкөлөр менен байланыштарын бекемдеп, Борбор Азияны өз талапкерлигинин айланасында бириктирип, шайлоого ишенимдүү аттанды.

Менимче Кыргыз эли үчүн бүгүн эң башкысы жеңиш эмес, эң башкысы Кыргызстан өзүнүн үнү бар, позициясы бар дүйнөлүк саясаттын катышуучусу катары жарыялай алды. Бүгүн биз дүйнөлүк маселелер боюнча дагы өз пикирин айтканга, жоопкерчилик алганга даяр мамлекет катары шайлоого аттандык.

Ошондуктан бүгүнкү добуш берүүнүн жыйынтыгы кандай болбосун, биз чоң жеңишке жетиштик.

Биз өзүбүзгө болгон ишенимди бекемдедик. Биз «биз менен ким эсептешмек эле» деген түшүнүктү жеңдик. Биз дүйнөдө өзүбүздүн ордубуз бар экенин көрсөттүк.

Кыргызстан — өз күчүнө ишенген элдин мекени, чоң максаттарды коюудан коркпогон мамлекет Өлкөм, мен сени менен сыймыктанам!”, — деп жазат ал.

3