Бишкек шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев менен Беларусь Республикасынын архитектура жана курулуш министринин биринчи орун басары Владимир Наумовичтин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган аймактык пландаштыруу жаатындагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Тараптар курулуш тармагындагы эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында ишке ашырылып жаткан объекттер үчүн курулуш материалдарын жеткирүү, долбоорлоо кызматтарын көрсөтүү, шаар куруу документацияларын иштеп чыгуу жана өнөр жай курулуш долбоорлорун ишке ашырууга беларусь компанияларынын катышуусу боюнча пикир алмашышты. Жолугушуунун алкагында беларусь тарап керамикалык плиталарды, керамогранитти, айнекти жана андан жасалган буюмдарды, металл конструкцияларын, темир-бетон түтүктөрдү, шпалдарды жана башка курулуш материалдарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.
Билим берүү, саламаттык сактоо, спорт жана соода объекттерин, көп функционалдуу комплекстерди, өнөр жай ишканаларын, ошондой эле инженердик инфраструктура объекттерин долбоорлоо жаатындагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Бул жолугушуу Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулду.
Министрлик эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү заманбап технологияларды киргизүүгө, алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга, инвестицияларды тартууга жана Кыргызстандын курулуш тармагын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилейт.



