Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Аламүдүн кичи ГЭСинин курулушунда экологиялык талаптардын бузулганын аныкташкан.
«Белен Групп» ЖАК курулуш компаниясы «Тёплые Ключи» санаторийинин аймагында 20 бакты мыйзамсыз кыйгандыгы үчүн 152 208 сом төлөөгө милдеттендирилди.
Мындан тышкары, компания айлана-чөйрөгө келтирилген таасирди азайтуу боюнча калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилди. ГЭСтин курулушу уруксат берүүчү документтердин негизинде уланууда.



