Оштогу Абдыкадыров көчөсүндө асфальт төшөө иштери башталды
14
Ош шаарында Р. Абдыкадыров көчөсүнүн Курманжан-Датка көчөсүнөн Алиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдирди.
Аталган көчөдө жүргүзүлүп жаткан иштер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана шаардын жол тармагын жакшыртууга багытталган. Курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында бир эле мезгилде 16 көчөдө жолду оңдоо жана жаңылоо иштери жүрүп жатат.