7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолу кардан тазаланып, эки тараптуу каттам берилди

300
Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун 470–544-чакырым аралыгы кардан тазаланып, эки тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда министрликтин кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.
Буга чейин Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт автожолунун 445–544-чакырым аралыгына түн ичинде кар жаап, анын калыңдыгы айрым жерлерде 25–35 сантиметрге чейин жеткен. Министрлик тоолуу аймактарда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты ашырбоого жана коопсуздук аралыкты так сактоого чакырат.
301