Бишкек — Ош унаа жолунун тоолуу тилкесинде тазалоо иштери жүрүүдө
2
Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Бишкек–Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 427+000–436+000-чакырымдар аралыгында 11 жерден жолго кум жана таш түшкөн.
Учурда министрликке караштуу №38 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар жеринде иш алып барууда.
Жолдун жүрүүчү бөлүгүн тазалоо жана кыймылдын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Учурда жолдун белгиленген тилкелеринде жол убактылуу жабык. Тазалоо иштерине 3 автожүктөгүч, 3 HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 1 грейдер жана 1 манипулятор тартылган.
Кырдаал көзөмөлдө. Жолду толук тазалоо иштери улантылууда.