Ош шаарында “Бий искусствосу – 2026” IV Эл аралык фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Кытай жана Румыния мамлекеттеринен келген бий жамааттарынын өкүлдөрү, хореографтар, маданият ишмерлери жана искусство чеберлери катышууда.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, шаар мэриясынын атынан конокторду куттуктап, фестивалдын ишине ийгиликтерди каалады.
Фестиваль ар түрдүү өлкөлөрдүн бий өнөрүн бир аянтчага чогултуп, чыгармачылык байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана улуттук маданий мурастарды кеңири жайылтууга багытталган.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар концерттик программаларын тартуулап, өз өлкөлөрүнүн бий маданиятын көрүүчүлөргө сунушташат.
“Бий искусствосу – 2026” фестивалы элдердин достугун бекемдөөгө жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча катары бааланууда.



